• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Финпол өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн жашыруу боюнча коррупциялык схеманы аныктады

Укук тартиби 0


Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Финансы полициясы ЕАЭБдин мүчө өлкөлөрүнөн товардык-материалдык баалуулуктарды (ТМБ) Кыргызстанга ташып кирүүдө өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн жашыруу боюнча коррупциялык схеманы аныктап, жок кылды.

Финполдон билдиришкендей, ушул мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган жарандар ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, башка мамлекетке туруктуу жашаганга көчүп кетүүнү пландаштырып жаткан кыргызстандыктарды, алардын атына коомду каттоо жана кийинчерээк ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринен тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөбөстөн ири көлөмдөгү элдик керектөөдөгү товарларды ташып келүү максатында акчалай сыйлыкка тандашкан жана көндүрүшкөн.

Ошол эле учурда бул адамдар акы төлөп, ТМБны ташып кирүүдө талап кылынган (келишимдер, инвойс, ТТК жана коштомо кагаздар) чет өлкөлөрдүн аймагында катталган чарба жүргүзүүчү субъекттердин атынан жасалма документтерди даярдашкан. Аны менен ташылып кирилген ТМБнын чыныгы ээлерин салык төлөмдөрүн төлөөдөн качууга көмөктөшкөн. Ошентип, ташылып кирилген ТМБнын чыныгы ээлеринин салык милдеттенмелери болгон эмес.

13-февралда тийишүү иш-чаралардын жүрүшүндө кылмыш схемасынын башкы уюштуруучусу А.А. кармалган. Кармалган адамга карата Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан тергөө иштери аяктаганга чейин №1 тергөө абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы колдонулган.

Унаага жана А.А. үйүнө тинтүү иштерин жүргүзгөн учурда чет элдик компаниялардын (Казакстан жана Россия) мөөрлөрү, бухгалтердик документтер, Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспорттору, ошондой эле ири суммадагы акча каражаттары табылган жана алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий