• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Финполдун мурдагы төрагасы Таиров сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) мурдагы башчысы Бакир Таировдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Биринчи май райондук сотунун 17-февралдагы чечими менен Бакир Таировдун камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы сотко чейинки өндүрүш ишинин аякташына чейин сыртка чыкпоо тил катына өзгөртүлдү.

Ошондой эле Таиров менен прокурордун ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлгандыгы айтылат. Мындан сырткары, Бакир Таиров мамлекеттик бюджетке 14 миң доллар каражат төккөн.

Эскерте кетсек, Финполдун мурдагы башчысы Бакир Таиров мыйзамсыз акча алуу фактысы боюнча былтыр декабрь айында кармалган.

Пикир

Оставить комментарий