• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Фискалдык маалыматтардын операторлорунун реестринде 6 компания бар – Салык кызматы

Коом 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. КР Мамлекеттик салык кызматы фискалдык маалыматтардын реестрине дагы 2 компанияны киргизди (ФМО) жана алар менен тийиштүү макулдашууларды түздү.

Ведомствонун басма сөз ькызматы билдиргендей, ошентип, ушул мезгилге карата 6 компания фискалдык маалыматтардын оператору болду, алар: «Нур Телеком» ЖЧКсы, «Юниверсал Бизнес Репорт» ЖЧКсы, «Flex Consult Group» ЖЧКсы, «Альфа Телеком» ЖАК, «Скай Мобайл» ЖЧКсы жана «Хостер KG» ЖЧКсы.

Эске салсак, комиссия уюмдардын реестрге киргизүү жөнүндө арыздарын кабыл алып, карап өткөрүп, жыйынтыгы боюнча тийиштүү чечимин чыгарат.

Фискалдык маалыматтардын оператору – фискалдык маалыматтарды жыйноого жана корголгон түрдө салык органына өткөрүп берүүгө уруксат алган, реестрге кирген уюм. ФМО салык органы менен өз ара кызматташуу учурунда салык төлөөчүлөр үчүн абдан ыңгайлуу шарттарды түзүүдө жана алардын ортосунда бир звено кызматын атакарууда.

Отчетторду, фискалдык чектерди жана башка документтерди үчүнчү тараптын ыңгайлуу санариптик аянтчалары аркылуу берүү болжолдонууда. Мында, ФМОнун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген базалык талаптарга жооп берген, абдан ачык, атаандаштык рыногу түзүлүүдө.

Кененирээк маалыматты МСКнын www.sti.gov.kg сайтынан («Фискалдык маалыматтардын оператору» бөлүмүнөн) алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий