Ысык-Көл, Нарын жана Таласта сүт өндүрүүчүлөргө 448 млн сом насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарындагы сүт өндүрүүчүлөргө 448 млн 760 миң сом жеңилдетилген насыя берилди.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, 2024-жылдын 1-апрелинен тартып Сүт өндүрүүчү зайымчы топто мүчө болгон фермерлерге келишимдер түзүлүп, төлөмдөр жүргүзүлдү. Анын ичинен:

  • Ысык-Көл облусунда (Түп, Ак-Суу, Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Тоң райондору) 1161 адамга (182 ГЗПМ) 150 млн 930 миң сом;
  • Нарын облусунда (Кочкор, Нарын, Жумгал, Ат-Башы райондорунда) 1271 адам (202 ГЗП) 165 млн 230 миң сом;
  • Талас облусунда (Талас, Бакай Ата, Манас, Айтматов райондорунда) 1020 адам (186 ГЗП) 132 млн 600 миң сом.

Белгиленгендей, үч облуста жалпысынан 5 миң 13 бодо мал сатылып алынган.

Пикир

Оставить комментарий