Бишкек, 26.10.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-октябрда, Баткен облусунун Кадамжай районунда мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө Абдыкадыр Орозбековдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыруудагы өзгөчө ордун белгиледи.
Орозбек Абдыкадыровдун 130 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чарага мурдагы Премьер-министр Апас Жумагулов, Парламенттин мурдагы Төрагасы Медеткан Шеримкулов жана башка мамлекеттик ишмерлер, парламентарийлер, Тажикстан жана Өзбекстандан расмий адамдар, ошондой эле Орозбековдун туугандары чакырылган.
Мааракелик иш-чаралардын алкагында театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлдү.
Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Абдыкадыр Орозбековдун эстелигине гүл коюп, Кадамжай шаарындагы музейине барды.
Музейдеги эскерүү китебине Орозбековдун элесине таазим эткен жазуусун калтырды.
Пикир
Оставить комментарий