Фоторепортаж - Президент эки күндүк иш сапары менен Ош жана Жалал-Абадда жүрөт

Президент 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн аймактары боюнча иш сапарларын улантууда.

Бүгүн, 15-августта Ош жана Жалал-Абад облустарына эки күндүк иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Ош облусунун Өзгөн районундагы «Аталык-Өзгөн» ишканасынын «ЭлДан Аталык» агроөнөржай комплексинин филиалында болду. Ишкана жергиликтүү фермерлерди сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу, чеснок жана сафлор өстүрүү, аларды кайра иштетүү менен алектенет.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы 2027-аскер бөлүгүнүн «Шамалды-Сай» чек ара заставасынын жаңы комплексинин ачылыш аземине катышты.

Ошондой эле Президент 2018-жылдын октябрь айында курулушу баштала турган Бишкек-Ош автожолунун Маданият-Жалал-Абад участогунун курулуш долбоору менен таанышты.

Мамлекет башчысынын иш сапарынын алгачкы күнү Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында Жалал-Абад облусунун жашоочулары менен жолугушуусу менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий