• 87
  • 90.41
  • 0.84

Фоторепортаж - Президент Садыр Жапаров Кыргызстан элине кайрылуу жасады

Президент 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-майда, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шалдабекова 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө „Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча референдумдун (жалпы элдик добуш берүүнүн) кабыл алынган жыйынтыктарын таануу жөнүндө токтомун жарыялады. Андан кийин Мамлекет башчысы өлкөнүн жаңы Конституциясына кол койду.

Иш-чаранын катышуучулары Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон акыркы окуяларда курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскеришти.

Садыр Жапаров талкаланган айылдарды жакын арада калыбына келтирүү иштери башталаарын, жабыркаган жарандарга мамлекет ар тараптан колдоо көрсөтөрүн белгиледи.

Садыр Жапаров өз кайрылуусунда көптөгөн саясий жана экономикалык маселелерге токтолуп, коомдун үмүт-тилектерин белгилеп, ишкерлердин көйгөйлөрүнө жана жарандардын социалдык жактан аялуу катмарына көңүл бурду. Тышкы саясий векторду аныктады, элдин өзүн-өзү таанып билүү аң-сезиминин кайра жаралуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Анын ичинде кыргыздардын дүйнөлүк курултайын өткөрүү тажрыйбасын жана кыргыз форумунун туруктуу иштөө механизмдерин жандандыруу, ошондой эле ‚Кыргыз Ааламы‘ улуттук программасын иштеп чыгуу маселелери айтылды.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров өлкөнүн укук коргоо органдарын жана Куралдуу күчтөрүн реформалоо боюнча сунуштарын айтты.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, судьялар корпусунун өкүлдөрү, коомдук ишмерлер катышты.

Пикир

Оставить комментарий