Фоторепортаж - Жээнбеков Чолпон-Ата шаарында «Мекендештер» форумуна катышты

Президент 0

Бишкек, 08.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта Чолпон-Ата шаарында «Мекендештер» форумуна катышты.

Форумда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева, чет мамлекеттерден келген мекендештер сөз сүйлөштү.

Форум андан ары суроо-жооп форматында улантылды. Мамлекет башчысы форумдун катышуучуларынын мамлекетибизди өнүктүрүүгө, мекендештерибиздин кызыкчылыктарын коргоого байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Аягында Президент Сооронбай Жээнбеков жыйынтыктоочу сөз сүйлөдү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун мекендештерибиз менен жолугушуусу эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий