• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Франция менен КРнын ортосундагы дипмамилелердин 30 жылдыгына арналган илимий конференция өттү

Саясат 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Франция менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган илимий конференция өттү. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага маданият министри Азамат Жаманкулов, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус жана КР президентинин кеңешчиси Арсланбек Койчиев, коомдук маданий ишмерлер, элчиликтер жана кеңири коомчулук катышты.

Конференциянын жүрүшүндө Азамат Жаманкулов Франциянын Кыргызстанга болгон мамилесин урматтап, достук менен жогору баалай турганын жана бул мамилелерди сактап калуу үчүн бардык күч-аракетти жумшоого, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерде маданий мамилелер ар дайым өзгөчө мааниге ээ боло тургандыгын белгилеп, илимий конференцияны уюштурууну колго алган элчи Франсуа Делауска ыраазычылык билдирди.

Конференциянын жүрүшүндө 1906-жылы Алай жергесине экспедицияга келген француз окумуштуусу Поль Пеллио менен сүрөтчү Шарль Нуэттин эмгеги көрсөтүлүп, тарыхый ачылыш тартууланды.

Анда 1906-жылы Алай жергесинде Курманжан Датканы сүрөткө тартуу учурунда, андан башка бир канча кыргыз элинин жашоосун чагылдырган 40 сүрөт бар экендиги, ал сүрөттөр тарыхый жана маанилүү ачылыш алып келе тургандыгын белгиленди.

Тарыхый сүрөттөрдүн көргөзмөсү Улуттук тарых музейинде жылдын аягына чейин өтүп, жыйынтыгында музейдин фондуна өткөрүлүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий