• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Франциядан келген турист жоголду. Акыркы жолу Бишкек-Балыкчы трассасынан көрүшкөн

Кырсык 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Бишкек шаардык милициясы Франциядан келген турист Кариер Флорентинаны издеп жаткандыгын билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-октябрь күнү болжол менен саат 13:05тер чамасында “102” кызматына Франциянын жараны Пьер аттуу адамдан анын Флорентина аттуу таанышы 9-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген. Акыркы жолу болжол менен саат 20:00-22:00дөр чамасында байланышка чыккан.

Ошондой эле 17-ноябрь күнү Франциянын К.П., аттуу жараны арыз менен кайрылып, анын жубайы 1994-жылы туулган Кариер Флорентинаны издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранган. Жубайы 2019-жылдын 9-октябрь күнү болжол менен саат 20:00дөр чамасында Ош шаарынан Бишкекке келгендиги тууралуу билдирип, ошондон бери дайынсыз.

Бул факт Биринчи май райондук милиция башкармалыгынын Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ошол замат райондордун милиция башкармалыктарынын жана шаардык милициянын бардык кызматтарына маалыматтар берилип, тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары активдүү башталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, акыркы жолу Кариер Флорентинаны Ысык-Көл облусунун аймагында Бишкек-Балыкчы трассасынан жол тосуп турганда көрүшкөн. Бул маалыматтар текшерүүнү талап кылат. Ошого байланыштуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына да маалыматтар берилген.

Учурда издөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий