• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Футбол: Бүгүн Кыргызстандын жаштар курама командасы Япония менен ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 29.09.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Япония менен беттешет.

Таймаш 2025-жылы өтө турган Азия кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагында уюштурулат.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жаштар курама командасы I тайпада Мьянма, Түркмөнстан жана Япония командалары менен бирге жайгашкан. Турнирдин биринчи турунда кыргыз спортчулары 25-сентябрда Мьянманы 2-0 эсебинде жеңген.

Ал эми 27-сентябрда Түркмөнстандын командасын 1:0 менен уткан.

Тандап алуу оюндарына жалпысынан 10 тайпага бөлүнгөн 45 курама команда катышууда. Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген беш курама жолдомо алат.

Пикир

Оставить комментарий