Футбол боюнча Кыргызстандын кубогун жеңген "Мурас Юнайтеддин" оюнчулары сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда футбол боюнча Кыргызстандын кубогун жеңген "Мурас Юнайтед" футболдук клубунун оюнчуларын сыйлоо аземи болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков катышып, футболчуларды ийгилиги менен куттукташты. Ошондой эле Абсаттар Сыргабаев резервдик фондунан 200 миң сом акча каражатын тапшырды.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, ыр-бийлер тартууланды.

Белгилей кетсек, “Мурас Юнайтед” командасы 16-сентябрда Бишкек шаарында өткөн Кыргызстандын кубогуна арналган футболдук беттеште “Абдыш-Ата” футболдук клубун 2:1 эсебинде жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий