• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Футбол боюнча салтка айланган "Мурас" достук турниринин биринчи күнү аяктады

Спорт 0

Бишкек, 27.05.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча салтка айланган "Мурас" достук турниринин биринчи күнү аяктады.

Бүгүн, 27-майда, 16 команданын ичинен чейрек финалга чыгуу үчүн группалар арасындагы оюндар өттү.

Группалык этаптын жыйынтыгы боюнча чейрек финалга төмөнкү командалар чыгышты:

"Президенттин командасы" – "Спорт жылдыздары";

"Коопсуздук" – "Ыйман";

"Спорттук федерациялар" – "Достук";

"Өнөр" – "Ден-Соолук".

Эртең, 28-майда "Газпром- балдарга" дене тарбия-ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар өтөт.

Оюндарды УТРК түз эфирде көрсөтөт.

Түз алып баруу саат 10:00дө башталат.

Белгилей кетсек, турнирди көрүүнү каалагандардын бардыгы үчүн "Газпром - балдарга" спорт комплексине кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий