• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Футбол. Кыргызстан – Катар беттешин сингапурлук адис тейлейт

Спорт 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. 10-октябрь күнү орун ала турган Катар – Кыргызстан беттешинде калыстар бригадасын сингапурлук ФИФА калысы Мухаммад Бин Жахари жетектейт.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, беттеш Доханын "Аль-Тумама" стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00до орун алат.

Башкы калыска каптал сызыктарда анын мекендештери - Абдул Бин Абдул Хасим жана Энди Минт Лант жардам беришет. Ал эми малайзиялык Сухаизи Бин Шукри резервдик арбитр болуп дайындалган.

VAR-системасында япониялык адис Ийда Жумпей иштеп, ага кытайлык Фу Минг жардам берет.

Белгилей кетсек, беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында өтмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий