Футбол: Кыргызстан курамасы Палестина менен достук беттешүү өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 31.12.18 /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Палестина менен достук беттешүү өткөрөт. Оюн бүгүн 31-декабрда өтөт.

Бул оюн 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатына даярдануунун алкагында өтмөкчү.

Буга чейинки матчтардай эле, бул оюн дагы жабык режиминде өтмөкчү.

Азия Кубогуна даярдык учурунда Кыргызстан эки беттеш өткөрүп, Иорданияны 1:0 эсебинде жеңип, Катарга 0:1 эсеби менен утулуп калган.

Эскерте кетсек, Азия кубогу 2019-жылдын январь айында Бириккен Араб Эмиратында өтөт. Ага 24 курама команда катышат.

Кыргызстан C тайпасына түшүп, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппиндин командалары менен ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий