Футбол: Кыргызстан (U-16) Азия чемпионатынын тандоо турунда Ирак, Ливан жана БАЭ менен ойнойт

Спорт 0

Бишкек. 09.05.19 /Кабар/. Кыргызстандын 16 жашка чейинки курама командасы Азия чемпионатынын тандоо турунда Ирак, Ливан жана Бириккен Араб Эмираты менен ойнойт.

Жалпысынан Азиядагы 52 команда 11 топко бөлүнүп, Кыргызстан F группасына туш келди.

Кыргыз жаштары өзүнүн оюндарын 2019-жылдын сентябрь айында Бишкекте өткөрүшөт.

Тандоо турунун жыйынтыгы боюнча Азия биринчилигине 16 курама команда өтөт – өз группасында биринчи орунду ээлеген 11 команда жана экинчи орунду ээлеген 5 мыкты команда.

Азыркы учурда бул куракта Азия чемпиону - Япония. Алар 2018-жылы финалда Тажикстанды утуп алган.

Пикир

Оставить комментарий