Бишкек, 16.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча кубогун финалда Кант шаарынын "Абдыш-Ата" командасын 3:2 эсеби менен уткан Жалал-Абад шаарынын "Мурас Юнайтед" командасы жеңди.
Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, мелдеш күн мурун, 15-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда өттү.
Сыйлоо аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков катышып, "Мурас Юнайтеддин" оюнчуларына медалдарды тагып, жеңиши менен куттуктады.
Спорттук иш-чарада белгилүү эстрада жылдыздары тарабынан концерттик программа тартууланды.
Пикир
Оставить комментарий