• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Футбол стадионунун курулушу: Учурда көрүүчүлөр отурчу орундуктар даярдалууда

Коом 0

Бишкек, 15.09.24. /Кабар/. Бишкектин четиндеги Орок айылында жайгашкан жаңы футбол стадионунун курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына курулуш жүрүп жаткан жерден тартылган видеолорду жарыялады.

Видеодон стадиондо көрүүчүлөр отура турган орундуктар даярдалып жатканын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-августунда Орок айылында жаңы стадиондун курулушуна капсула салган.

Долбоорго ылайык, жаңы стадиондун жалпы аянты болжол менен 109 миң чарчы метрге жетет. Анда ачык жана жабык VIP-орундар, комментаторлор менен журналисттер үчүн 200 орун каралган. Ошондой эле долбоордо 1,5 миң унаа жана 100 автобус токтотуучу жай бар. Мындан тышкары бир катар соода жайлары, эс алуу зоналары болот.

Стадион курууга 20,78 гектар жер бөлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий