• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Футзал боюнча Азия кубогунун чейрек финалында Кыргызстан Иранга утулду

Спорт 0

Бишкек, 24.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын Футзал боюнча улуттук курамасы бүгүн, 24-апрелде Азия кубогунун чейрек финалында Ирандын курамасы менен кез келди.

Беттеш Таиланддын Бангкок шаарындагы «Бангкок Арена» стадионунда болуп өттү.

Оюн 1-6 эсеп саны менен Иран курамасынын пайдасына аяктады.

Муну менен Ирандын командасы Азия кубогунун жарым финалына чыгып, аны менен кошо ушул жылдын сентябрда Ташкентте өтө турган футзал боюнча дүйнө чемпионатына жолдомо алды.

Белгилей кетсек, эгерде бүгүн өтө турган Өзбекстан-Вьетнам беттешинде, Өзбекстан курамасы утушка ээ болсо, Кыргызстандын курама командасы дүйнө чемпионатына болгон акыркы жолдомого ат салыша алат.

Пикир

Оставить комментарий