• 87
  • 90.41
  • 0.84

Футзал боюнча “Наристе-2022” мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Бишкекте салттуу футзал боюнча “Наристе-2022” мелдеши өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Мелдеш 3-9-январь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болду. Мелдешке жалпысынан 88 команда катышты.

Турнир төрт тайпада өткөрүлдү: мамлекеттик органдардын арасында, 35-жаштан улуу, 45-жаштан улуу жана 50-жаштан улуу сүйүүчү-ардагерлер арасында.

Мелдештин жеңүүчүлөрү:

Мамлекеттик органдар арасында:

1-орун - Мамлекеттик салык кызматы;

2-орун - Чүй облустук соту;

3-орун - Жогорку Кеңеш.

Мамлекеттик органдар арасында (күч түзүмдөр):

1-орун - Мамлекеттик бажы кызматы;

2-орун - Мамлекеттик чек ара кызматы;

3-орун - УКМК.

35 жаштан улуулар арасында:

1-орун - “Форватер”;

2-орун - “Беловодск”;

3-орун - “Регион 09”.

45 жаштан улуулар арасында:

1-орун - “Ысык-Көл 77”;

2-орун - “Лейлек”;

3-орун - “Алга-Дордой”.

50 жаштан улуулар арасында:

1-орун - “Фарватер”;

2-орун - “Алтын Топ”;

3-орун - “Лейлек”.

Пикир

Оставить комментарий