• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Футзал боюнча улуттук курама Азия Кубогуна тандап алуу оюндарына даярдык көрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы 7-11-октябрда өтө турчу Азия Кубогуна тандап алуу оюндарына даярдык катары окуу-машыгуу жыйын өткөрүүдө.

Футзал ассоциациясынан билдиришкендей, машыгуулар Бишкекте башталып, андан соң 20-сентябрга чейин Чолпон-Атада уланат.

Эске салсак, футзал боюнча Азия Кубогунун финалдык баскычына ата мекендик улуттук курама Иран, Ливан жана Мальдив аралдары менен ат салышат.

Кураманын башкы машыктыруучусу Марат Дуванаев жыйынга 19 талаа оюнчу жана 4 дарбазачы чакырды.

Талаа оюнчулар
1. Абдыжалил уулу Айдар
2. Алимов Максат
3. Аманбаев Донёр
4. Амандык уулу Денисбек
5. Аскарбеков Мухамед
6. Аянбаев Адиль
7. Данияр уулу Абдурахим
8. Джанат уулу Самат
9. Ильясов Бектур
10. Исабеков Азат
11. Кадыров Дильшат
12. Кубанычов Кайрат
13. Махмадаминов Шохрух
14. Самат уулу Алмазбек
15. Садыков Канат
16. Сайпидинов Эрнест
17. Салимбаев Юлдашбай
18. Талайбеков Данияр
19. Турсунов Арстанбек

Дарбазачылар
1. Акматалиев Бекболот
2. Ермолов Кирилл
3. Чоробек уулу Уланбек
4. Пензаев Чыңгыз

Машыктыруучулар штабы
1. Башкы машыктыруучу - Марат Дуванаев
2. Машыктыруучу - Вадим Кондратков
3. Дарбазачылардын машыктыруучусу - Николай Шамонин
4. Физикалык даярдык көрүү боюнча машыктыруучу - Жозе Марсело
5. Дарыгер - Данияр Мурсалиев
6. Менеджер - Жумабаев Мадали

Пикир

Оставить комментарий