Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесинин негизинде эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Баатырова Гүлнара Маришовна башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий