• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" командасынын катарында алгачкы оюнун өткөрдү

Спорт 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Кыргызстандык оюнчу Гүлжигит Алыкулов казакстандык "Кайрат" командасынын катарында алгачкы оюнун өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Футбол боюнча Казакстандын чемпионатынын 1-туру 7-мартта өттү. Алматы шаарында "Кайрат" командасы "Тараз" клубу менен беттешти.

Алыкулов талаага оюндун 80-мүнөтүндө эсеп 1:1 болгондо чыккан. Ал эми оюндун 83-мүнөтүндө "Кайрат" командасы бир гол киргизип, эсепти 2:1ге өзгөрттү.

"Кайрат" командасы 11-мартта "Окжетпес" клубу менен оюн өткөрөт.

Эскерте кетсек, Гүлжигит Алыкулов футбол боюнча Кыргызстандын курамасынын оюнчусу.

Пикир

Оставить комментарий