• 87
  • 90.64
  • 0.85

Газ баллонду туура эмес колдонуу жарылууга алып келет. Эрежелерди билип алыңыз

Коом 0

Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. Газ баллондун жарылуусу өрттүн тутанышына алып келип, адам өмүрлөрү кыйылган учурлар жок эмес. Мындан улам өрт коопсуздугунун чараларын сактоо кырсыктардын алдын алууга болорун адистер белгилешет. Алдыда газ баллонду туура колдонуу эрежелери тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы сунушталат.

Турмуш-тиричилик газ баллондорунун жарылуусунун негизги себептери:
- тиричилик баллондорун толтуруунун эрежелерин жана эрежелерин бузуу;
- газ баллондорун сактоо жана эксплуатациялоо эрежелерин бузуу;
- газ приборлорун орнотууда жана оңдоодо адистерге гана кайрылыңыз. Бузук газ приборлорун колдонбоңуз;
- контролдоо жана жөнгө салуу приборлору бузулган же ажыратылган учурда газ орнотмолорун иштетүүгө болбойт;
- эмеректерди, күйүүчү буюмдарды жана материалдарды тиричилик газ приборлорунан 20 см кем эмес алыс кармаңыз;
- турмуштук газ баллондорун үйдө сактабаңыз. Баллондорду атайын май куюучу жайларда гана толтуруңуз;
- газдын жытын сезсеңиз, тамеки тартпаңыз, ширеңкени күйгүзбөңүз, жарыкты жана электр шаймандарын иштетпеңиз;
- батирдин газ түтүгүндөгү газ берүүчү клапанын, оттуктардын өчүп калганын текшериңиз. Газдын жарылуучу концентрациясын болтурбоо үчүн терезелерди жана эшиктерди ачыңыз;
- Газдын жыты кетпесе: сыртка чыгып кетиңиз, кошуналарыңызга эскертиңиз жана авариялык газ кызматына уюлдук телефондон 104 же 112 бирдиктүү тез жардам номерине, өрт болгон учурда 101ге чалыңыз. Бардык номерлерге чалуулар акысыз.

Пикир

Оставить комментарий