• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Газпром Кыргызстан” Бишкек шаарынын мэриясына 30 кычкылтек концентраторун берди

Коом 0

Бишкек, 11.07.20. /Кабар/. “Газпром Кыргызстан” Бишкек шаарынын мэриясына 30 кычкылтек концентраторун берди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев компаниянын өкүлдөрүнө көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирген.

“Кычкылтек концентраторлору шаардагы төрт стационарга бөлүштүрүлөт: Арча-Бешик конушундагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси; Спорт ордосу; Р. Санатбаев атындагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси; Түштүк магистралындагы чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты”, - деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын мэриясы пандемия учурунда жардам көрсөткөн ар бир шаар тургунуна ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий