Бишкек, 13-февраль /Кабар/. Газтүтүгүн жүргүзүүгө байланыштуу Буурдин көчөсүнүн бир бөлүгү автортранспорттордун кыймылы үчүн жабылат, деп билдирди башкалаанын басма сөз басма сөз кызматынан.
14-февралдан тартып Буурдин көчөсүндөгү автотранспорт кыймылы Талды-Суу көчөсүнөн Темиров чолок көчөсүнө чейин жабылат. Оңдоо иштери 2017-жылдын март айынын орто ченине чейин созулат.
Бишкек мэриясы ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана шааардыктарды автотыгынга кабылбас үчүн алдын ала алтернативдүү жол кыймылын тандап алууларын өтүнөт.
Пикир
Оставить комментарий