• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Геоэкономикалык абалды өзгөртүүчү темир жол. Кыргызстан стратегиялык курулушту баштоо алдында турат

Аналитика 0

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу курулат! Президент Садыр Жапаров күн мурун жасаган билдирүүсүндө, темир жолдун курулушу ушул жылдын октябрь айында башталарын белгиледи. Бул каржылоо модели боюнча да, долбоордун бир катар техникалык негиздемелери боюнча да макулдашуунун татаал процесси аяктаганын билдирет.

Серепчилер белгилегендей, ири аймактык инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу Борбор Азияда логистиканы диверсификация жагынан да, масштабдуу индустриялаштыруу жагынан дагы өсүүнүн жаңы багытын түзөт.

Экономикалардын кубаттуу локомотиви болгон механизмдер ишке берилип, ал мультипликативдүү эффект жаратуу менен курулуш чөйрөсүнөн тартып айыл чарбага чейинки багыттарды алдыга тартат. Бул темир жол жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, Евразияны геоэкономикалык жактан толук өзгөрүтүүгө алып келет.

Кыргызстан үчүн масштабы жагынан болуп көрбөгөндөй бул курулуш ири каржылык инвестицияларды тартуу, миңдеген жумушчу орундарын түзүү, темир жолдун боюндагы инфраструктураны жана өндүрүштү комплекстүү өнүктүрүүнү камтыйт. “Биздин аймакта эле темир жолду курууга 7-8 млрд доллар кетет. Биз туюк абалда болчубуз, эми андан чыгабыз. Бардык техникалык-экономикалык негиздемелер даярдалып бүттү, сүйлөшүүлөр аяктоо баскычында турат”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Ошондой эле мамлекет башчы биздин өлкө ала турган артыкчылыктарга жана пайдаларына токтолду. “Темир жол ондогон жылдар алдыга ар тараптуу өнүгүүнүн негизи жана кубаттуу түрткүсү болот. Биздин экономика жылдан жылга өсөт. Мектептерди курабыз. Эң негизгиси тынчтык болсун. Ачылыштар болот. “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушун октябрь айында баштоо пландалууда. Биз дүйнө үчүн транзиттик өлкөгө айланабыз. Дүйнөлүк рынокко чыгабыз. Темир жол аркылуу деңизге жетебиз”,- деди Жапаров.

Бул контексте өтө маанилүү болгон дагы жагдайды айта кетүү керек. Бир нече күн мурун Ташкент эл аралык инвестициялык форумунда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Евразиянын транспорттук каркасын өнүктүрүү боюнча чоң пландар тууралуу айтып берди. “Чет элдик өнөктөштөр менен биргеликте “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” жана “Өзбекстан – Афганистан – Пакистан” темир жолун куруу боюнча алдын ала иштер башталганы баарына белгилүү. Бул стратегиялык долбоорлор Борбордук Азияны Түндүк менен Түштүктү, Чыгыш менен Батышты бириктирген глобалдык транзиттик борборго айлантып, аймактагы геоэкономикалык кырдаалды толугу менен өзгөртөт. Биз инвесторлорду жана эл аралык уюмдарды бул ири аймактык долбоорлорго, Улуу Жибек Жолун заманбап негизде кайра жаратууга катышууга чакырабыз”, — деген Мирзиёев.

Эксперттер Борбордук Азияда эл аралык темир жол тармагын өнүктүрүү – бул экономикалык жактан өнүккөн жана өзүн-өзү камсыздаган аймакты түзүүгө негиз болорун белгилешет. Кыргызстанда жана коңшуларыбызда жана өнөктөштөрүбүздө бардыгы бар – бул иш жүзүндө түгөнгүс энергетикалык потенциал, пайдалуу кендер, өнөр жайдын бардык түрлөрүн, дыйканчылыкты жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр. Эми биз Евразиянын соода жана логистикалык жолдорунун негизги кесилишинде борбордук орунду ээлейбиз.

Системалык серепчи Бактыбек Саипбаев жаңы магистраль ача турган аймактык интеграция, кооперация жана эл аралык соода маселесиндеги тектоникалык жылыштарга көңүл бурду.

“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолу кыска аралык менен бир эле учурда континеттин бир нече ири транспорттук тармагын бириктирет. Бул долбоор ЕАЭБде дагы, ШКУда дагы суроо-талапка ээ болот, анткени кеп Улуу Жибек Жолун кайра жаратуу боюнча көптөн бери келе жаткан идея жөнүндө болуп жатат, ал эми заманбап вариантта аны андан дагы кирешелүү кылууга болот.

Каспийге Өзбекстан жана Түркмөнстан аркылуу жол ачуу менен биз Перс булуңундагы жана Европа өкөлөрүндөгу портторго кыска жол менен чыга алабыз. Ал эми чыгыш багытында бизге жана биздин өнөктөштөргө Кытайдын жана Түштүк-Чыгыш Азиянын рынокторуна чыгууга жол ачылат”, - деди Бактыбек Саипбаев.

Экономикалык илимдердин доктору, Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин профессору Төлөнбек Абдыров темир жолдун курулушу менен ишкердикти жана эл аралык сооданы өнүктүрүү жаатында биздин өлкөнүн алдында ачыла турган бир катар артыкчылыктарды бөлүп көрсөттү.

“Ушуга чейин биз глобалдык жеткирүү чынжырынын катышуучусу катары эч жерде көрсөтүлө элекпиз. Бизде чоң магистралдарга жана деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок. Глобалдык сооданын ушул жагынан алганда темир жол өтө чоң мааниге ээ. Биз экономикалык өнүгүүнүн жаңы форматына өтөбүз.

Жөн гана сандарга көз чаптыруу менен эле бул биз үчүн канчалык пайдалануу жана маанилүү экенин түшүнүугө болот.

Темир жолдун өткөрүү жөндөмдүулүгү жылына 7,5 млн тоннадан 13 млн тоннага чейин түзөт. Башкача айтканда жүктөрдүн транзити үчүн эле Кыргызстандын бюджетине жылына 200 млн доллардай түшүп турат.

Муну менен катар биздин жеткирүү түйүндөрүнө катышуубуз ата мекендик бизнеске экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө жакшы шарттарды түзөт. Бул дагы өлкөгө жана элге олуттуу кирешлерди алып келет.

Кыргызстандын аймагында логистикалык борборлор жана ишканалар түзүлөт. Бул биздин экономикага олуттуу инвестиция салууга шарт түзөт”, - дейт Төлөнбек Абдыров.

Ошентип, Кыргызстан бул жылы темир жолдун 311 чакырым тилкесин курууга киришет. Бул аралык долбоорго ылайык, Торугарт – Кош-Дөбө – Казарман – Жалал-Абад маршруту аркылуу өтөт. Жер кыртышынын жана жолдорду бийик тоо кыркалары аркылуу төшөө керек экенин эске алуу менен эстакадаларды, галереяларды жана кеңейтилген тоннелдерди курууну талап кылынат, буга байланыштуу долбоор бир нече жылга созулат. Бирок, эксперттер белгилегендей, аймактагы геоэкономикалык кырдаал азыртан эле өзгөрүп, Кыргызстан жаңы координаттар системасында абдан пайдалуу баштапкы позицияны ээлейт.

Пикир

Оставить комментарий