• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Германия жардам иретинде Кыргызстанга 40 млн евро берет. Каражат кайда жумшалат?

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 18.02.19 /Кабар/. Парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы 2017-2018-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Германия өкмөтү 2017-2018-жылдары эки тараптуу техникалык жана финансылык кызматташтык үчүн 40,1 млн евро өлчөмүндө гранттык каражаттарды берүүгө милдеттенет.

Анын ичинде 21,1 млн евро техникалык кызматташтык долбоорлоруна берилет:

  1. "Экономиканы туруктуу өнүктүрүү", "Экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү" компоненти (3,5 млн евро);
  2. "Экономиканы туруктуу өнүктүрүү", "Ишке орношууга жана кесиптик билим берүүгө көмөк көрсөтүү" компоненти (3,5 млн евро);
  3. "Жаштар үчүн келечек" (4 млн евро);
  4. "Биологиялык ар түрдүүлүк" жана жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу (2 млн евро);
  5. "Кыргызстандын түштүгүндөгү айылдарды өнүктүрүү" (1,5 млн евро);
  6. "Перинаталдык саламаттык сактоого көмөк көрсөтүү" (4 млн евро);
  7. "Изилдөөлөрдү жана адистерди төлөө фонду" (1 млн евро);
  8. "Сапаттык мааниси бар кызматтарды чыңдоо" (1,6 млн евро).

Ал эми 19 млн евро төмөнкүдөй долбоорлорду ишке ашырууга берилет:

  • "Саламаттык сактоо" негизги багытынын программасы, "VI саламаттык сактоо боюнча сектордук программа" компоненти (9 млн евро);
  • "Саламаттык сактоо" негизги багытынын программасы, "VI саламаттык сактоо боюнча сектордук программа- коштоочу чаралар" (1 млн евро);
  • "Социалдык турак жайдын курулушу" компоненти (8,5 млн евро),
  • "Социалдык турак жайдын курулушу- коштоочу чаралар" компоненти (0,5 млн евро).

Гранттык каражаттын 8,5 млн евросу социалдык турак жайлардын курулушуна жумшалмакчы. Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаевдин айтымында, социалдык турак жайларды өлкөнүн 20 шаарында куруу долбоору пландаштырылууда. Ал үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания менен келишим түзүлүүгө тийиш. Ушу тапта 7 шаар менен келишим түзүлдү.

Андан тышкары, "Биологиялык ар түрдүүлүк" долбоорунун алкагында буга чейин 5 млн евро көлөмүндө каражат бөлүнгөнү, азыр анын бүтпөй калган бөлүгүнө кошумча 2 млн евро бөлүнүп жатканы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Германия жалпы жонунан Кыргызстанга 542 млн евро берсе, анын ичинде 344 млн евро гранттык каражат, ал эми калганы жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Ошондон улам, эки жылдан бери жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы катары, Өкмөт парламенттен кезектеги 40 млн евро көлөмүндөгү гранттык жардамды тездетип карап берүүнү өтүнүүдө.

Пикир

Оставить комментарий