Бишкек, 16 март /Кабар/. Германиядагы Дуйсбургда белгисиз адам банкка кол салып, имаратында адамдарды барымтага алып турат. Бул тууралуу N-24 телеканалы жергиликтүү полицияга таянып билдирди.
Маалымат боюнча, кылмышкер кармап турган эки адам банктын кызматкерлери. Окуя тууралуу башка маалымат азырынча белгисиз.
Булак: РИА Новости
Пикир
Оставить комментарий