• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Германияда "Кыргызстандын экономика күнү" бизнес-форуму өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Германияда "Кыргызстандын экономика күнү" бизнес-форуму өтүүдө. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, палатанын жетекчиси Темир Сариев жана эки өлкөнүн бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышууда.

Катышуучулар Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Темир Сариев өз сөзүндө банктар аралык мамилелерди өнүктүрүүгө токтолуп, төлөм системасынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошуп, эл аралык транзакциялардын коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кыла турган биргелешкен долбоорлорду түзүү зарылчылыгы актуалдуу болуп саналарын белгиледи.

"Мен ошондой эле санариптештирүү доорунда каржы институттарына олуттуу жардам бере турган санариптик чечимдерди кыргыз банктарында ишке ашыруу үчүн технологияларды жана экспертизаларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап көргүм келет", - деди Сариев.

Ошондой эле ал Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын логистикалык артыкчылыгын эске салып, андан Европа мамлекеттери пайдалана аларын кошумчалады. Ал туризм, санариптештирүү жана айыл чарба сыяктуу тармактарда кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Темир Сариев белгилегендей, Кыргызстан менен Германиянын кызматташтыгы эки өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн чоң келечектүү багыттарды ачат. Соода-өнөр жай палатасы мамилелерди чыңдоого, бизнестин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүүгө жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө ар тараптан салым кошууга даяр.

Пикир

Оставить комментарий