• 87
  • 90.59
  • 0.86

Германиялык компания Кыргызстанда "акылдуу үйлөр" үчүн тетиктерди чыгаруучу завод курат

Экономика 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Германияга болгон расмий сапарынын алкагында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борбору менен германиялык “SBS Holdings” компаниясынын ортосундагы акылдуу үйлөр үчүн тетиктерди чыгаруучу фабриканы куруу жана эксплуатациялоо боюнча МЖӨ долбоорун илгерилетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Долбоор айлана чөйрөгө минималдуу таасири менен акылдуу үйлөрдү куруу үчүн алдыңкы курулуш технологияларын колдонууга багытталган. CBS технологиясы имараттарды курууга жана эксплуатациялоого кеткен чыгымдарды олуттуу кыскартат, ошондой эле CO2 чыгарууну азайтат.

Ошондой эле инновациялык материалдарды жана технологияларды колдонууну камтыйт, бул жарандар үчүн турак жайдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн кыйла жакшыртат, ошондой эле курулуш индустриясын туруктуу өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот.

Аталган долбоор жаңы жумуш орундарын түзүүгө, курулуш тармагынын туруктуулугун жогорулатууга жана өлкөнүн экономикасына кошумча инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий