• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Германиянын Ханау шаарындагы ок атуудан он бир киши өлдү

Дүйнө 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Германиянын полициясы Франкфуртка жакын Ханау шаарында атышуу менен коштолгон эки окуядан бери дегенде тогуз киши өлгөнүн билдирди.

Кол салгандарды издөө операциясы башталгандан бир нече саат өткөндөн кийин шектүүнүн сөөгү Ханау шаарындагы үйүндө табылды. Ушул эле аймактан дагы бир адамдын сөөгү табылып, өлгөндөрдүн жалпы саны 11ге жетти.

Укук коргоо органдары кылмышка шектүү жалгыз болгонун божомолдошууда. Анын аты-жөнү тактала элек.

Күбөлөрдүн маалыматына караганда, 19-февраль күнү кечинде белгисиз адам Ханаунун борбордук бөлүгүндөгү кальян жайында ок атып, үч адамды өлтүргөн. Андан соң ал автоунаасы менен качып кеткен. Бир нече убакыттан кийин шаардын башка бир районундагы кальян жайында да ушундай эле окуя катталган. Белгисиз киши имаратка кирип барып, туш келди атып, беш кишини өлтүргөн. Дагы бири кийинчерээк алган жаратынан көз жумган. Набыт болгондор негизинен жаштар, арасында бир аял бар.

Пикир

Оставить комментарий