• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ГФР Канцлери, Япониянын премьери жана Татарстандын президенти Садыр Жапаровду куттукташты

Президент 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель, Япониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга жана Татарстан президенти Рустам Минниханов Садыр Жапаровду президенттик кызматка шайланышы менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Ангела Меркелдин куттуктоосунун тексти: «Биздин өлкөлөрдү көп жылдан бери эле достук мамилелер байланыштырып келет. Биз ал алакаларды улантууну жана тереңдетүүнү каалайбыз. Германия келечекте да Сиздин өлкөнү колдоого, атап айтканда, экономикалык өнүктүрүү жана укуктук мамлекетти бекемдөөгө багытталган реформалар жаатында колдоого алат. Сизге күч-кубат, ден соолук жана Сиздин алдыңызда турган жооптуу милдеттердин жеңил чечилишин каалайм», — деп айтылат Ангела Меркелдин куттуктоо телеграммасында.

Япониянын премьер-министринин куттуктоо текстинде төмөнкүдөй деп айтылат: «Сиз менен биргеликте Япония жана Кыргыз Республикасынын ортосунда 1992-жылы түзүлгөн дипломатиялык мамилелерди, узак мезгилден бери уланып келаткан эки мамлекеттин ортосундагы достук жана жакшы алакабызды мындан ары дагы өркүндөтүү боюнча иш алып барабыз деген үмүтүмдү билдиргим келет. Мындан сырткары, Япония Кыргызстан менен, анын ичинде „Борбордук Азия + Япония“ диалогунун алкагында тыгыз кызматташып, аны менен Борбор Азия регионунун туруктуулугуна жана өнүгүшүнө салым кошууну улантууга ниеттенүүдө», — деп белгиленет куттуктоодо.

Ёсихидэ Суга Садыр Жапаровго бекем ден-соолук, ишине ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакубатчылык каалады.

Ал эми Татарстан президентинин куттуктоо телеграммасында: «Жооптуу кызматыңызга жигердүү жана жемиштүү ишмердүүлүк, Кыргыз мамлекетин бекемдөөгө жана ар тараптан өнүктүрүүгө багытталган бардык иш-аракеттериңизге ийгиликтерди каалайм. Элдин сизге көрсөткөн колдоосу дем берип, алдыга белгиленген бардык максаттарга жетишүү үчүн күч-кубат болсун. Сизге чың ден соолук, оптимизм жана ак жол. Россия-кыргыз мамилелеринин алкагында Татарстан менен Кыргызстандын ортосундагы эки тарапка тең пайдалуу байланыштар кеңейет деп үмүт артам», — деп айтылат Рустам Миннихановдун куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий