• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

"Гиннесстин комиссия мүчөлөрүнүн талабы болчу". Рысбай Исаков Бурсадагы "Манас жумалыгы" тууралуу

Маданият 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. КР эмгек сиңирген артисти, манасчы Рысбай Исаков "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында Түркиянын Бурса шаарында өткөн "Манас жумалыгы", андагы манас айтуучулук өнөрү тууралуу айтып берди.

Анын айтуусуна караганда, манас айтып баштаган алгачкы мүнөттөр оор болгон. "Айрым жерлерде окуя абдан кенен айтылып жатты, айрым окуяларды аттап өтүп кеткен учурлар болду. Бул ошол айтып жаткан абалга жараша көрүнүш болот. Кээде сырткы тоскоолуктар, ден соолукта чукул өзгөрүүлөр болуп калат. Ошондой абалда окуяны бүтүрө турайын деген ой келип калат экен. Эргип калган учурда чакан окуяны бүтүрбөй, кенен кылып айткан учурлар болот. Ошентип, "Манас" эпосундагы негизги өзөктүү окуялардын бири - Чоң-Казатка келип токтодук", - деди ал.

Манасчы бир саатка беш мүнөт тыныгуу берилгендигин айтты. "Ал мүнөттөрдү топтоп пайдалансаң болот, жалпы жонунан алганда 24 саат айткандан кийин 2 саат тыныгуу алууга мумкүн. Ал убагытты өзүң каалагандай пайдаланасың", - дейт манасчы.

Рысбай Исаков манас айтуу учурундагы айрым жагдайлар социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынып жаткан окуяга токтолду. "Бул нерсе Гиннесстин комиссия мүчөлөрүнүн талабы болчу. Башкача айтканда, түз эфирде эс алганым көрүнүп туруш керек. Эс алып жаткандан өөн издегендин өзү күлкү келерлик көрүнүш", - дейт манасчы.

Белгилей кетсек, Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас" жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаков манас айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк Гиннесстер китебине 124 саат тынбай манас айтуу менен катталды.

Дүйнөлүк Гиннесстер китебине катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты Бүткүл дүйнөлүк Гиннесттер китебинин Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктап, ага Гиннесстин күбөлүгү тапшырылды. Анда аталган багытта катталууда Гиннесс тарабынан бекитилген талаптарды сакталгандыгы айтылды.

“Манас" жумалыгы Кыргыз Улуттук “Манас” театры жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жана “Бурса шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” долбоорлорунун алкагында өткөрүлгөн алгачкы иш-чара болуп калды.

Иш-чаранын алкагында ТҮРКСОЙ уюмунун бир катар сыйлыктары жана белектери менен түрк дүйнөсүнүн маданиятын өркүндөтүүгө кошкон бар катар инсандары сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий