• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

«Главная – Кызыл-Аскер» аба электр чубалгысында оңдоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 27.11.17 /Кабар/. Шейшемби күнү, 28-ноябрда саат 00:00 дөн 05:00 гө чейин “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААК жогорку вольттогу 110 кВ «Главная – Кызыл-Аскер» аба электр чубалгысында оңдоо-калыбына келтирүүиштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Буга байланыштуу Бишкек шаарындагы БЧК, Орозбеков, Щербаков, Элебесов көчөлөрү менен чектелген чарчыда;

Тоголока Молдо; Васильев; Молодая Гвардия; Саадаев; Фучик; Дэн Сяопин; Патрис Лумумба; Исанов/Баялинов көчөлөрүндө;

110-кварталда, Газ шаарчасында, Аскер шаарчасында, Достук кичирайонунда;

Ак-Босого, Калыс-Ордо, Касым, Алтын-Ордо, Ак-Тилек, Красный строитель конуштарында;

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Степное, Пригородное, Маевка айылдарында, “Достук” дачасында электр энергия үзгүлтүккө учурашы ыктымал.

“Түндүк электр” ААК жумуш учурундагы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий