• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

 “Glovo” компаниясы Жалал-Абад шаарында иштеп баштады

Аймак 0

Бишкек, 10.10.23. /Кабар/. “Glovo” эл аралык технологиялык компаниясы Жалал-Абад шаарында иштеп баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэрия менен аталган компания ортосунда өз ара кызматташуу багытында меморандумга кол коюлду.

Жалал-Абад мэри Эрнисбек Ормоков жергиликтүү бийлик электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө, колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирип, компаниянын алдыдагы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.

“Glovo” курьердик компаниясы Кыргызстанда мындан 3 жыл мурун иштеп баштаган. Ушул тапта Бишкек, Ош, Каракол шаарларында жеткиликтүү.

“Glovo” – бул шаар ичинде каалаган буюмду же продуктуну сатып алууга, жеткирүүгө мүмкүндүк берген курьердик кызмат. Бул үчүн “Glovo” деген атайын тирмеке иштейт. Аны колдонуу оңой, тиркемеден каттоодон өтүп, каалаган (супер маркеттерден, дарыкана, кафе-ресторан ж.б) тамак-аш же товарыңызды чукул убакытта буюртма менен алдырсаңыз болот. Тиркеме аркылуу анын абалына, келүү убактысына да көз салып тура аласыз.

Кошумчалай кетсек, компания Барселонада негизделген, бүгүнкү күндө дүйнөнүн 25 өлкөсүндө ишмердүүлүк жүргүзүп келет.

Пикир

Оставить комментарий