Гранттык жардам. Кыргызстан менен Индия өкмөттөрүнүн ортосундагы меморандумга өзгөртүү киргизилди

Президент 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2021-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатындагы Индия Республикасынын гранттык жардамы боюнча Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Индия Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 2024-жылдын 22-январында Бишкек шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 29-майында КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамдын максаты жогоруда көрсөтүлгөн меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо болуп эсептелет.

Бул протоколго ылайык ар бир долбоор боюнча өзүнчө меморандум түзүлөт, анда индиялык тарап аныктаган шарттарда сатып алууларды жүргүзүү механизми, ага кыргыз жана индиялык компаниялардын гана катышуусунун шарттары каралат.

Мында мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аталган меморандумду ишке ашыруунун алкагында жүзөгө ашырылуучу сатып алууларды жөнгө салбайт.

Кыргыз тарап аталган Меморандумдун алкагында долбоорду ишке ашыруу үчүн сатып алынуучу бардык товарларды, жабдууларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде курулуш жана монтаждоо иштерин, ошондой эле консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү бардык бажы жана башка алымдарды, салыктарды жана жыйымдарды төлөөдөн бошотот.

Пикир

Оставить комментарий