• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Грек-рим күрөшү боюнча курама Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште 9 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 19.09.24./Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Атырау шаарында өтүп жаткан “Oil Capital Cup 2024” эл аралык мелдешинде жалпы 9 медаль жеңишти.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, анын ичинен экөө алтын, үчөө күмүш жана төртөө коло медаль.

Алсак, Акыл Сулайманов (60 кг) жана Раззак Бейшекеев (67 кг) эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү болушту.

Адилхан Нурланбеков (72 кг), Нурманбет Райымалы уулу (97 кг) жана Эрлан Манатбаев (130 кг) 2-орунду ээлешти.

Ал эми Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг), Ырыскелди Хамзаев (72 кг), Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) жана Мелис Айтбеков (97 кг) коло медалга ээ болушту.

Курама команда улук машыктыруучулар Арсен Эралиев жана Улукбек Карачолоковдун жетекчилиги астында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий