• 87
  • 90.41
  • 0.84

Грек-рим күрөшү боюнча курама команда КМШ оюндарына даярдык көрүүдө

Коом 0

Бишкек, 21.07.23./Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү (U-23) боюнча курама командасынын мүчөлөрү КМШ оюндарына жана эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат.

Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, 8-26-июль күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:

- Улан Муратбек уулу, Таалайбек Бейшенбек уулу (55 кг);
- Автандил Таалайбек уулу (60 кг);
- Дастан Кадыров, Бекназар Бактыбек уулу (63 кг);
- Халмурат Ибрагимов, Аманат Самат уулу (67 кг);
- Адилхан Нурланбеков, Хабибулло Тынчтык уулу (72 кг);
- Эрлан Марс уулу (77 кг);
- Бекзат Орункул уулу, Акылбек Талантбеков, Асан Жанышов, Бексултан Назарбаев (82 кг);
- Мелис Айтбеков, Калидин Асыкеев (87 кг);
- Артык Орозбеков (97 кг);
- Эрлан Манатбеков (130 кг);
- Арсен Эралиев улук машыктыруучу.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2023-жылга карата календардык планына ылайык өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий