• 87
  • 90.58
  • 0.83

Гремингер: ЕККУ КРге парламентаризмди бекемдөөдө колдоо көрсөтөт

Коом 0

Бишкек, 23.05.18. /Кабар/. ЕККУ республикага парламентаризмди жана демократиялык институттарды бекемдөөдө мындан ары да колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу ЕККУ Баш катчысы Томас Гремингер Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө билдирди.

ЕККУ Баш катчысы Томас Гремингер миссиянын ишмердиги жылдары уюм тарабынан Кыргыз Республикасынын өкмөттүк түзүмдөрү менен иштешүүнүн конструктивдүү үлгүсү түзүлгөндүгүн белгиледи.

“ЕККУ кыргыз тараптын парламенттик демократия жолун тандоо чечимин жогору баалайт”,-деди Гремингер.

Пикир

Оставить комментарий