Грузия Испанияга утулуп, Европа чемпионатынын чейрек финалына чыга алган жок

Спорт 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Футбол боюнча Европа чемпионатынын 1/8 матчында Испания Грузияны 4:1 эсебинде утту. Оюн Германиянын Кёльн шаарындагы стадиондо өттү.

Жеңүүчүлөрдүн командасынан биринчи голду Родри 39-мүнөттө киргизсе, Фабиан Руис 51-мүнөттө, Нико Уильямс 75-мүнөттө жана Дани Ольмо экинчи таймдын 83-мүнөтүндө топту дарбазага таамай сокту. Ал эми 18-мүнөттө өз дарбазасына испаниялык коргоочу Робин Ле Норман топту киргизип алды.

Эми чейрек финалда Испаниянын курама командасы Германиянын футболчулары менен ойнойт. Беттеш 5-июлда Штутгарт шаарында болот.

Белгилей кетсек, Грузия Европа чемпионатына алгачкы жолу катышты. Алар F тайпасында 4 упай топтоо менен курамалардын рейтинги боюнча 3-орунду ээлеп плей-оффко чыккан.

Европа чемпионаты 14-июлда жыйынтыкталат. Турнирди буга чейин Италиянын курама командасы жеңген болчу. Бул ирет алар 1/8 финалда швейцариялыктарга 0:2 эсебинде утулуп, үйүнө кайтышты.

Пикир

Оставить комментарий