• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Гулбара Абдыкалыкова маданият министринин орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек,10.07.24. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскарова Айнура Алмасбековна башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан алынып, анын ордуна Абдыкалыкова Гулбара Кадырбековна дайындалды.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Ведомстводон маалымдашкандай, министрдин жаңы орун басарын эмгек жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов тааныштырды. Ал алдыда маданият тармагында жасала турган иштер арбын экенин жана коюлган милдеттерди жогорку деңгээлде алып баруусуна ишенимин билдирип, ийгиликтерди каалады.

Гулбара Абдыкалыкова бул кызматка дайындалганга чейин "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору болуп эмгектенип жаткан.

Пикир

Оставить комментарий