• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

"ГУМ" соода борборунда бомба изделүүдө – милиция

Коом 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Бишкекте бүгүн эртең менен "ГУМ" соода жана оюн-зоок борборунун аймагына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.

Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, окуя болгон жерге РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барып, ал жер курчоого алынган. Соода борборунун кызматкерлери жана келгендер эвакуацияланды.

Учурда жеринде Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий