Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Үй алам деп кезекте тургандардын кезегин “жакын тааныштары аркылуу” же башка жолдор менен эртелетүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарынын Скрябин көчөсүндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган батирлердин ачкычын тапшыруу аземинде билдирди.
"Учурдан пайдаланып, айрым жарандарыбызды сарсанаага салган бир жагдайга токтоло кетейин. Турак жай алам деп кезекте тургандарды “жакын тааныштары аркылуу” алдыга жылдыруу же башка жолдор менен кезегин эртелетүү мүмкүн эмес. Түзүлгөн система бардык жарандарга бирдей мүмкүнчүлүк берип, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербейт. Мамлекеттик ипотека менен үй алуу процесси толугу менен санариптештирилген, электрондоштурулган", - деп белгилеген мамлекет башчы.
Ошондой эле келип түшкөн арыздардын негизинде азыркы тапта республика боюнча турак жай алуу кезегине 40 миңден ашуун жаран катталганын билдирди.
"Элестетип көрүңүздөр, 40 миң киши – дээрлик бир райондун же бир шаардын калкы. Бирок биз бул көйгөйдөн качпай, “Көз коркок, кол баатыр” деген макалдагыдай, жарандардын үй маселесин четинен чеүүгө киришкенбиз. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпы 40 миңден ашуун батирдин курулушу кызуу жүрүп жатат. Алар да жакынкы жылдары бүтүп калат. Ошондуктан кезекте турган бардык жарандарыбыз мурдагыдай 10 жылдап кезекте турбай, жакын арада батирлүү болосуздар. Эч кам санабай чыдап туруңуздар", - деди өлкө башчысы.
Пикир
Оставить комментарий