ИӨБ Кыргызстанга айыл чарба техникаcын лизингге алууга $45 млн бөлүүнү пландоодо

Экономика 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанда айыл чарба техникаларын лизингге алууга 45 млн доллар бөлүүнү пландоодо. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Айыл чарба министрлигинде Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөн.

Жолугушууда айыл чарба жана атайын техникаларды, кайра иштетүүчү ишканалар үчүн машиналарды жана жабдууларды лизингге алуу үчүн ИӨБдүн каражаттарынан 45 млн доллар суммасындагы инвестициялык кредитти тартуу маселеси каралган.

Мындан тышкары, долбоорду ишке ашыруу боюнча маселелер, мөөнөттөрү, негизги этаптары, аны ишке ашыруудагы оң жана мүмкүн болуучу терс жактары, жыйынтыктары жана мониторинги талкууланды.

Андан кийин ИӨБдүн өкүлдөрү финансы уюмдарынын жана банк секторунун өкүлдөрү менен жолугушту. Миссиянын иши жакын арада айрым айыл чарба субъекттерин жайгаштыруу жана айыл чарба өндүрүүчүлөргө сунушталган техника менен таанышуусу улантылат.

Пикир

Оставить комментарий