Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай өтүп жатат.
Курултайдын жүрүшүндө Россиянын Якутия Республикасынан келген делегат Жусупжан Ажибаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине сунушу менен кайрылды.
"Токой кызматына инвестиция салуу менен Кыргызстандын бай жаратылышын, токой аянтын көбөйтүүгө салым кошот элем", - деди делегат.
Аталган сунуш боюнча ӨКМге караштуу Токой кызматы тарабынан иштер жүргүзүлөт.
Пикир
Оставить комментарий