Якутск шаарында “Маңкурттун энеси” моноспектаклинин бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Россиянын Саха Республикасынын борбору Якутск шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытаар бир күн» романындагы уламыштын негизинде коюлган, режиссер Василий Борисовдун “Маңкурттун энеси” (Монкуруут ийэтэ) моноспектаклинин бет ачары болуп өттү.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, спектаклдин бет ачары күн мурун, 12-ноябрда Ойунский атындагы Саха академиялык театрында болуп, маңкурттун энесинин ролун Саха Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Софья Баранова аткарды.

Бет ачарга Кыргызстандын Россия элчилигинин Якутск шаарындагы кеңсесинин кызматкерлеринен жана Якутскта жашаган кыргызстандык активисттерден турган делегация катышты.

Кеңсенин консулдук кызматкери, Саха театрына Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасын урматтоо менен сактап келаткандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Ошону менен бирге Саха театрынын жетекчилигине жана жалпы чыгармачылык жамаатына кыргыз тараптан майрамдык белектер тапшырылды.

Чыңгыз Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” повестинин негизинде коюлган “Мен эңсеген көгүлтүр жээк” спектакли үчүн Саха театры СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон жана азыркы күнгө чейин аталган театрдын сыймыгы - “визиттик картасы” болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий