• 88.68
  • 95
  • 0.95

Январь айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү $474 млн түздү

Экономика 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. 2020-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 474 млн долларды түзүп, өткөн жылдын январь айына карата 1,4%га төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.

Анын айтымында, экспорт 5%га арткан, ал эми импорт 3,2%га азайган.

"2020-жылдын январь айында ЕАЭБге кирген өлкөлөр менен болгон сооданын көлөмү 199 млн долларга жакын болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 16,5%га арткан. Ошол эле учурда экспорт 3,3%га, импорт 21,1% көбөйгөн", - деди ал.

ЕАЭБ өлкөлөрү арасында соода жүргүзүүдө Россия (68,8%) менен Казакстан (28,9%) алдыда турат.

Пикир

Оставить комментарий