• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Январь-октябрь айларында Соцфондго 7 миң 393 кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь-октябрь айларында Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 7393 кайрылуулар келип түшкөн.

Ведомстводон билдиришкендей, анын ичинде:

• жазуу түрүндө кайрылуулар – 332;
• ооз эки кайрылуулар – 953;
• Соцфонддун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 121 жаран;
• ишеним телефондор аркылуу – 3886;
• уюлдук ишеним телефону аркылуу – 2101.

Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип түшөт:

• пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
• мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
• пенсияларды индексациялоо тууралуу;
• пенсияга укугу боюнча;
• пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
• пенсиянын өчөмүнө кайра эсептөө боюнча;
• пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;
• Соцфонддун ишмердүлүгү боюнча башка суроолор.

Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн баардык суроолор боюнча мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий