Январда Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды издөө иши жанданды

Коом 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Аламүдүн капчыгайында 13-январдан бери дайынсыз болуп жаткан 28 жаштагы Мукамбеталы Маматалы уулун издөө иши жакындарынын кайрылуусунун негизинде кайрадан жанданды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, 3-июнда издөө ишине 34 куткаруучу, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 2 куткаруучу 2 дрон менен чыгышты. Мындан сырткары, ИИМден 300 кызматкер тартылды.

Эске салсак, 2024-жылдын 13-январь күнү Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган Мукамбеталы Маматалы уулу аттуу эркек киши дайынсыз жоголгон.

Буга чейин аны издөөгө ӨКМдин 200дөн ашуун куткаруучусу, кинологтор, ИИМден 100дөн ашуун кызматкер тартылып, 17-январдан 23-январга чейин активдүү издөө иши жүргөн. Ошол эле күнү Мукамбеталынын туугандырынын ыраазычылык билдирүүсү менен издөө иши токтотулган. Тилекке каршы жыйынтык болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий